Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иши жөнүндө маалыматтарды өлкөнүн жарандарынын Интернет тарамы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, “Маалыматташтыруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Интернет-ресурстарынын төмөнкү даректери бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын Интернет тарамындагы расмий маалыматтык ресурсу катары http://www.government.gov.kg, http://www.okmot.gov.kg жана http://www.kg.gov (www.gov.kg Мамлекеттик интернет-порталдын курамында); Кыргыз Республикасынын электрондук Өкмөтүнүн расмий маалыматтык ресурсу катары http://www.e.gov.kg, http://www.egov.kg жана http://www.e-gov.kg; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин расмий маалыматтык ресурсу катары http://www.ict.gov.kg.
2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректери бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору бир айлык мөөнөттө тиркемеге ылайык .gov.kg зонасына өтүүнү камсыздашсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын электрондук Өкмөтүнүн расмий маалыматтык ресурсун иштеп чыксын жана ишке киргизсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев
Тиркеме
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын…Постановление · 22.04.2014 · № 237
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2016 · № 589
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон