# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 6-июнундагы № 316 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 6-июнундагы № 316 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 316
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2014
- Редакциянын күнү: 06.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1843>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1843>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1843.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 6-июнундагы № 316 токтому (06.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1843

---

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын

22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 3-пункттагы “2014-жылдын 1-январына чейин” деген сөздөр жана цифралар “2014-жылдын 1-октябрына чейин” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
