КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жободо:
24-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: «- соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.»; 39-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы - тогузунчу абзацтар менен толукталсын: «Республикалык маанидеги шаардын, райондун чек арасынын чегинде мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси) конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкер жөнүндө маалыматты макулдашуу үчүн республикалык маанидеги шаардын мэрине, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - райондун акимине бир жумушчу күндөн кечиктирбестен жиберет. Республикалык маанидеги шаардын мэри, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - райондун акими конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерди дайындоого макул болгондугу жөнүндө чечимин жазуу жүзүндө мамлекеттик органдын статс-катчысына (аппарат жетекчисине) эки жумушчу күндүн ичинде жиберет.
Республикалык маанидеги шаардын мэринен, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынан – райондун акиминен конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерди дайындоого макулдук алгандан кийин мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси) бир жумушчу күндөн кечиктирбестен мамлекеттик органдын жетекчисине аны дайындоо жөнүндө сунуштама киргизет. Республикалык маанидеги шаардын мэри, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы – райондун акими конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерди дайындоого макул болбогон учурда акыркы чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кабыл алынат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2011 · № 741 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон