# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 447 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 447 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 447
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2014
- Редакциянын күнү: 05.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1823>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1823>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1823.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 447 токтому (05.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1823

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине талаптагыдай даярдоону камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесиндеги “вице-премьер-министри” деген сөздөр “Премьер-министри” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
