# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25 августундагы № 482 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25 августундагы № 482 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 482
- Кабыл алынган күнү: 25.08.2014
- Редакциянын күнү: 25.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1816>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1816>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1816.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25 августундагы № 482 токтому (25.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1816

---

«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу

Чечимдерди кабыл алуунун жана аларды ишке ашыруунун жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун арттыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана 25-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Коомдук кеңештер Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун алдында тиркемеге ылайык түзүлөөрү белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобого төмөнкү толуктоо киргизилсин:

7-пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: «- коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссиянын Катчылыгынын функцияларын аткарат;».

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору эки айлык мөөнөттө өзүлөрүнүн ишин жөнгө салуучу жоболорун «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү боюнча сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25 августундагы № 482 токтомуна тиркеме

Коомдук кеңештер түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары

Министрликтер

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.

Мамлекеттик агенттиктер

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги. Мамлекеттик кызматтар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат.

Фонддор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд.

Мамлекеттик инспекциялар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Тиркемелер

Басып чыгаруу
