КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Импорттолуучу автотранспорт каражаттарына бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасын жогорулатууну болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 201-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускамада:
- 7.16-пункттагы эскертүүдө:
тогузунчу жана онунчу абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин:
“Мисалы: жеке адамдар 2014-жылы алып кирген автотранспортту бажылык тариздөөдө чыгарылган жылына карата мамиле төмөнкүдөй болот:
Чыгарылган учурдан бери өткөн мезгил
Чыгарылган жылы
Бажылык тариздөө үчүн бажылык жыйым
1 жыл
2 жыл
3 жыл
2014
2013
2012
Эсептик көрсөткүчтүн алты өлчөмү
4 жыл
5 жыл
6 жыл
7 жыл
8 жыл
9 жыл
10 жыл
11-12 жыл
13 жылдан ашык
2011
2010
2009
2008
2007
2006
2005
2004-2003
2002 жана андан эски
Эсептик көрсөткүчтүн төрт өлчөмү
Демек, 2014-жыл башталганда 2013-жылы чыгарылган автотранспорт каражаттары, чыгарылган учурдан тартып 2 жыл өткөн автотранспорт каражаттары катары эсептелет ж.б. у.с.”;
- жогоруда аталган Нускаманын № 4 тиркемесинде:
4.1-таблица ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев
Тиркеме
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 2004 года №976 "Об утверждении Инструкции о перемещении товаров и автотранспорта через государственную границу Кыргызской Республики…Постановление · 31.12.2004 · № 976 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон