КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 “Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, билим берүү тутумунда коррупциялык көрүнүштөрдүн деңгээлин азайтуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 “Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жободо:
- 62-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Жалпы билим берүү уюмунун директору менен 5 жылга чейинки мөөнөткө, бирок катары менен экиден ашык эмес мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Дж.К.Оторбаев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541 "Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.09.2011 · № 541 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө"…Указ · 02.02.2012 · № 26 · Күчүн жоготкон