# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 560
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2014
- Редакциянын күнү: 30.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1796>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1796>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1796.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 токтому (30.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1796

---

Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө

Соода ишин өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасында ички соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

- Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды соодалоо эрежелери 2-тиркемеге ылайык;

- Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелери 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишиндеги атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июндагы № 312 “Жеке жана юридикалык жактар соода аянттарын пайдалангандыгы үчүн базар администрациясынын акы төлөнүүчү кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүсүнүн тарифтерин түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 392 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 439 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 769 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтомунун 2-пункту; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 510 “Базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандардан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-пункту;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 118 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 633” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 50 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
