# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы №719 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы №719 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 719
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2014
- Редакциянын күнү: 22.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1780>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1780>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1780.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы №719 токтому (22.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1780

---

Тамекинин зыяны жөнүндө тамеки буюмдарынын кутуларына жана таңгактарына жайгаштыруу үчүн багытталган иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдүн тизмегин бекитүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин, “Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2003-жылдын 21-майындагы тамекиге каршы Алкактык конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөш жөнүндө Алкактык конвенциясынын 11-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тамекинин зыяны жөнүндө тамеки буюмдарынын кутуларына жана таңгактарына жайгаштыруу үчүн багытталган иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдүн тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирге 2015-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.

3. Ушул токтом 2016-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунан тышкары, 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга тийиш.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Дж.К.Оторбаев

Тиркеме

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
