# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы №733 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы №733 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 733
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2014
- Редакциянын күнү: 26.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1773>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1773>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1773.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы №733 токтому (26.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1773

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11- январындагы № 21 “2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 “2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:

- 26-пунктта:

- “Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү” деген графадагы “II” цифралары “IV” деген цифраларга алмаштырылсын;

- “Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жана жактыруу жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуунун мөөнөтү” деген графадагы “III” цифралары “IV” деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Дж.К.Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
