# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 337 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 337 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 337
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2015
- Редакциянын күнү: 02.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1726>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1726>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1726.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 337 токтому (02.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1726

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 “Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Тоо-кен секторунун кирешесин арттыруу максатында, ошондой эле сурьманы иштетүүгө суроо-талаптын туруктуулугун эске алуу менен, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын

13-июнундагы № 350 “Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги кендердин тизмесинин 10-пункту “Терек” деген сөздөн кийин “(17-блоктон башка)” деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
