# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы №345 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы №345 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 345
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2015
- Редакциянын күнү: 05.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1725>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1725>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1725.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы №345 токтому (05.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1725

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-майындагы № 272 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборун уюштуруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-майындагы

№ 272 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборун уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борбору жөнүндө жободо:

- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“15. Борбордун кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелбейт.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
