# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 248

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 248
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2015
- Редакциянын күнү: 19.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1722>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1722>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1722.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 248 (19.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1722

---

Мамлекеттик башкаруунун колдонулуудагы системасына талдоо жүргүзүү, аны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна ылайык:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Коомдук технологиялор борборунун директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалары ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

“Гуманитардык долбоорлоо институту” коомдук бирикмесинин аналитиги (макулдашуу боюнча).

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Тиркемелер

Басып чыгаруу
