# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 412 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 412 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 412
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2015
- Редакциянын күнү: 15.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1717>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1717>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1717.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 412 токтому (15.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1717

---

“2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине,“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.Тиркелгендер жактырылсын:

- “2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Мыйзам долбоору

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
