Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 161-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарды даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды эске алсын.
3. Ушул токтом 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркеме
“161-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ветеринардык-санитардык экспертизалоо кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү
№
Кызмат орундарынын аталышы
Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен)
Бишкек шаарындагы ветеринардык-санитардык экспертизалоо лабораториялары
1
Лаборатория башчысы
8000
2
Башкы ветеринардык дарыгер
7000
3
Жетектөөчү ветеринардык дарыгер
6500
4
Ветеринардык дарыгер
5500
5
Лаборант (ветфельдшер)
5500
6
Ветеринардык санитар
5500
Ош шаарындагы ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү лабораториялары
1
Лаборатория башчысы
8000
2
Башкы ветеринардык дарыгер
7000
3
Жетектөөчү ветеринардык дарыгер
6500
4
Ветеринардык дарыгер
5500
5
Лаборант (ветфельдшер)
5500
6
Ветеринардык санитар
5500
Региондордогу ветеринардык-санитардык экспертизалоо лабораториялары
1
Лаборатория башчысы
8000
2
Башкы ветеринардык дарыгер
6500
3
Жетектөөчү ветеринардык дарыгер
6200
4
Ветеринардык дарыгер
5000
5
Лаборант (ветфельдшер)
5000
6
Ветеринардык санитар
5000
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 176
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик…Постановление · 06.04.2015 · № 197 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон