Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборунун жана “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин айлык акысына ушул токтом менен белгиленген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган эмгек акы төлөө фондунун каражаттарынын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркеме
“7-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборунун жана “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин
кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү
№
Кызматтардын аталышы
Кызматтык маяналардын өлчөмү (сом)
1. Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору
1
Директор
14250
2
Юрисконсульт, башкы бухгалтер
11500
3
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы, бөлүм башчы
9450
4
Борбордун квалификациялык категориясы жок врач - эксперт-адиси, врач-методисти
7500
5
Бухгалтер, кадрлар бөлүмүнүн инспектору
7500
6
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоочу квалификациялык категориясы жок врач-эксперт-адис
6500
7
Квалификациялык категориясы жок улук медайым
5590
8
Медициналык каттоочу
4730
9
Санитар
3000
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген
адамдарды реабилитациялоо борбору
1
Директор
13500
2
Директордун дарылоо боюнча орун басары
12000
3
Башкы бухгалтер
11250
4
Квалификациялык категориясы жок врач-адис
7500
5
Бухгалтер
7500
6
Башкы медайым, массажчы, эмгек боюнча инструктор, дарылоо-дене тарбия инструктору
6450
7
Ашкана башчысы
6300
8
Квалификациялык категориясы жок медайым
5590
9
Сактоо камерасынын жана чарбанын башчысы
5300
10
Кожейке айым, ашпозчу
3800
11
Санитар
3000
12
Кир жуучу жумушчу
2700
3. “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору”
мамлекеттик мекемеси
1
Директор
13500
2
Бухгалтер
7500
3
Психолог
8000
4
Иш кагаздарын жүргүзүүчү
5740
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик…Постановление · 06.04.2015 · № 197 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон