Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларын турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларын кызматтык батирлер менен камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары үчүн Ош шаарында “Манас-Ата” кичи району, И.Раззаков көчөсү, 46 “А”; “Достук” кичи району, Макаренко көчөсү, н/ж дареги боюнча жайгашкан турак үйлөрдөгү батирлерди ушул токтомдун тиркемесине ылайык бөлүштүрүү бекитилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мамлекеттик органдардын жетекчилери:
- ушул токтомдун тиркемесинде аталган батирлерди баланска кабыл алышсын;
- ушул токтомдун тиркемесинде аталган кызматтык батирлерди алуучу адамдардын тизмесин түзүү жана бекитүү үчүн ведомстволук комиссияларды түзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерге кызматтык батирлерди берүүнү камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 495 “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесиндеги 19 жана 20-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын
15-июлунан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 495 "Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2015 · № 495
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон