Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесиндеги таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
№
Кызматтын аталышы
Ставканын өлчөмү, сом менен
1
Төмөнкүлөргө ээ ийримдин окутуучусу:
- орто кесиптик билимге;
7500
- жогорку билимге;
8250
- академиялык магистр даражасын ыйгаруу менен жогорку билимге
9000
";
жогоруда аталган токтомдун 9-тиркемесиндеги таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Окуучулардын саны боюнча мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары
Бир айдагы кызматтык маяна, сом менен
Директор
Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары
Директордун башка орун басарлары
210дон 420га чейин
6000
5400
5100
420дан 900гө чейин
6600
5940
5610
900дөн 1380ге чейин
7200
6480
6120
1380ден көп
7800
7020
6630
";
- жогоруда аталган токтомдун 14-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 1-2-пункт менен толукталсын:
"1-2. Ушул тиркеменин III пунктунда аталган мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын кызматчыларынын кызматтык маяналарына 1, 2 коэффициенти колдонулат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
5-главасынын 5.4-бөлүмүнүн 1-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8250 сом х 22 саат : 20 саат = 9075 сом.".
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарды даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды эсепке алсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Т.Сариев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 176
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 31.05.2011 · № 270 · Күчүн жоготкон