# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №752 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №752 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 752
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2015
- Редакциянын күнү: 27.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1647>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1647>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1647.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №752 токтому (27.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1647

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматын түзүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Ички аудит системасын өркүндөтүү максатында, “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- аталышы жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү “мамлекеттик органдары жана мекемелери” деген сөздөрдөн кийин тийиштүү жөндөмөдө “, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” деген сөздөр менен толукталсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин тизмесинде:

- аталышы жана бүткүл тексти боюнча “мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин” деген сөздөрдөн кийин “, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын” деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 28-пункт менен толукталсын:

“

28

Бишкек шаарынын мэриясы

”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
