# КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 22 декабрындагы № 862 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 22 декабрындагы № 862 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 862
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2015
- Редакциянын күнү: 22.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1600>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1600>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1600.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 22 декабрындагы № 862 токтому (22.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1600

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 «Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо механизмин жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 «Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобонун 24-пунктундагы:

- «октябрына» деген сөз «декабрына» деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
