КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө
Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоону өркүндөтүү максатында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциалык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууда жалпы билим берүү уюмдарында, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окугандарга Жарандык коргонуу тармагындагы даярдануунун милдеттүү билим берүү минимумун караштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Жарандык коргонуу тармагындагы билимди, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен пропагандалоону камсыздашсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 780 “Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6, Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
тиркеме
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 780 "Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү…Постановление · 21.11.2012 · № 780 · Күчүн жоготкон