# КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 24 декабрындагы № 881 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 24 декабрындагы № 881 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 881
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2015
- Редакциянын күнү: 24.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1596>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1596>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1596.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 24 декабрындагы № 881 токтому (24.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1596

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, кризистик кырдаалга туш болгон балдарга кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн кызматкерлерин стимулдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 6-апрелиндеги №197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: Жогоруда аталган токтомдун 7-тиркемесиндеги:

1- баптагы:

- 9-позициядагы “3000” деген сан “4500” санга алмаштырылсын; төмөнкү мазмундагы 10-позициясы менен толукталсын:

10

Айдоочу

5300

2- баптагы: - 10 позициясы төмөнкү редакцияда берилсин:

10

Кожойке-айым

5300

11,12 позицияларында “3000”, “2700” деген сандар тийиштүү “4500”, “4050” сандарга алмаштырылсын; - төмөнкү мазмундагы 13, 14, 15,16,17,18,19 жана 20-позициялары менен толукталсын:

13

Психолог

8000

14

Ашпозчу

5300

15

Айдоочу

6600

16

Электрик

4500

17

Сантехник

4500

18

Кастелянша

3750

19

Лифтер

3750

20

Имараттарды ремонттоо боюнча жумушчу

3750

3 - баптагы: - төмөнкү мазмундагы 5-позициясы менен толукталсын:

5

кызматтык жайларды тазалоочу

3750

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги: - ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборун, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемесинушул жылы каржылоону2015-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине каралган каражаттын чегинде жүзөгө ашырсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т. Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
