# КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 29 декабрындагы № 892 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 29 декабрындагы № 892 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 892
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2015
- Редакциянын күнү: 29.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1565>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1565>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1565.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 29 декабрындагы № 892 токтому (29.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1565

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 “Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 “Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктунун төртүнчү абзацы жана 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
