# КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 29 декабрындагы № 894 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 29 декабрындагы № 894 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 894
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2015
- Редакциянын күнү: 29.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1563>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1563>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1563.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 29 декабрындагы № 894 токтому (29.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1563

---

Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар менен операцияларга байланышкан мамилелерди жөнгө салуу жана казылып алынган баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана аны контролсуз башка өлкөлөргө ташып чыгууга бөгөт коюу максатында “Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо күчүнө киргенге чейин колдонулат.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Т.А. Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
