# КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 31 декабрындагы № 896 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 31 декабрындагы № 896 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 896
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2015
- Редакциянын күнү: 31.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1551>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1551>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 31 декабрындагы № 896 токтому (31.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1551

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Күчүн жоготту деп таанылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 15-июнундагы № 262 «Илим жана жаӊы технологиялар боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин түзүмүн өркүндөтүү жана материалдык-техникалык камсыздоо жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-апрелиндеги № 129 «Фашизмди Жеңиштин 50 жылдыгынын Фондусу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 4-июлундагы № 259 «Кесиптик-техникалык атайын окуу жайларынын Жобосун бекитүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 12-сентябрындагы № 387 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын бөлүнүштөрүн башкаруу схемасына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 10-апрелиндеги № 154 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө убактылуу жобонун долбоору тууралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-апрелиндеги № 220 «Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактарынын субъекттеринен салык боюнча жеӊилдиктер берилгендиги үчүн төлөмдөрдү эсептөө жана кармоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтомунун 3-пункту.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
