# КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 22 декабрындагы № 864 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 22 декабрындагы № 864 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 864
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2015
- Редакциянын күнү: 22.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1549>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1549>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1549.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 22 декабрындагы № 864 токтому (22.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1549

---

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 71-беренесине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине жана “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун минималдуу ченемдери 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана жазасын өтөп жаткан адамдардын кийим-кечегин оңдоо боюнча материалдардын чыгымдалышынын минималдуу ченемдери 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун ченемдерин колдонуу боюнча көрсөтмө 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана кармалган адамдардын кийим-кече буюмдарынын сүрөттөлүшү 4-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери үчүн самын жана кир жуугуч каражаттардын берилишинин минималдуу ченемдери 5-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелерин эмеректер, жабдуулар жана буюмдар менен камсыз кылуунун минималдуу ченемдери 6-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 113 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыздоо нормаларын бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 79 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 278 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 113 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыздоо нормаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
