# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 25 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 25 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2019
- Редакциянын күнү: 01.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-153>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/153>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 25 токтому (01.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-153

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 221-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи - жыйырма сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

- «Ысык суу менен жабдуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар» жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, 24-тиркемеге ылайык;

- «Ультра кызгылт көк нурлануу методу менен ичүүчү сууну зыянсыздандыруу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар» жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, 25-тиркемеге ылайык;

- «Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар» жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, 26-тиркемеге ылайык;

- «Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланылган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугу боюнча гигиеналык талаптар» жөнүндө санитардык эрежелер жана гигиеналык ченемдер, 27-тиркемеге ылайык;

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 24-27-тиркемелер менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

тиркеме

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
