КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 15 январындагы № 7 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу жана “Кумтөр” долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын издөө максатында, “Кумтөр” долбоору боюнча “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультациялык кеңештин 2015-жылдын 21-декабрындагы № 40 чечимин көңүлгө алып, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 700 “Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу, ошондой эле “Кумтөр” долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын издөө максатында “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен сүйлөшүү процесстерин улантуу боюнча консультациялык кеңештин ишинин жыйынтыктары жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-январындагы № 32 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жана “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы “Кумтөр” долбоорун реструктуралаштыруунун шарттары жөнүндө макулдашуу тууралуу” токтому.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А.Сариев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу, ошондой эле "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу…Постановление · 23.12.2013 · № 700 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, “Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы “Кумтөр”…Постановление · 18.01.2014 · № 32 · Күчүн жоготкон