# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 37 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 37 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2019
- Редакциянын күнү: 01.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-152>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/152>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 37 токтому (01.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-152

---

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө

Туристтик чөйрөдө мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчиктеги санаторийлик-курорттук уюмдардын объекттерин сарамжалдуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

“

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы

”.

4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги юстиция органдарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасын белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте:

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасын колдонуудагы ведомстволук объекттердин аянттарынын эсебинен акысыз пайдалануу келишиминин шартында, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана эксплуатациялык чыгымдар үчүн төлөө менен жайгаштыруусун камсыздашсын;

- министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын чарбалык колдонуусуна өткөрүп бериле турган ишканалардын жана мейманканалык курорттук-рекреациялык чарбанын мүлктүк комплекстеринин тизмесин белгиленген тартипте даярдашсын;

- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын уставдык капиталын калыптандыруу үчүн 2019-жылга акча каражаттарын белгиленген тартипте издеп тапсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер – министр М.Д.Абылгазиев

тиркеме

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
