КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Туристтик чөйрөдө мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчиктеги санаторийлик-курорттук уюмдардын объекттерин сарамжалдуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
“
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы
”.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги юстиция органдарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасын белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасын колдонуудагы ведомстволук объекттердин аянттарынын эсебинен акысыз пайдалануу келишиминин шартында, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана эксплуатациялык чыгымдар үчүн төлөө менен жайгаштыруусун камсыздашсын;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын чарбалык колдонуусуна өткөрүп бериле турган ишканалардын жана мейманканалык курорттук-рекреациялык чарбанын мүлктүк комплекстеринин тизмесин белгиленген тартипте даярдашсын;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын уставдык капиталын калыптандыруу үчүн 2019-жылга акча каражаттарын белгиленген тартипте издеп тапсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер – министр М.Д.Абылгазиев
тиркеме
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.05.2013 · № 236 · Күчүн жоготкон