# КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 26 январындагы № 28 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 26 январындагы № 28 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2016
- Редакциянын күнү: 26.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1508>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1508>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 26 январындагы № 28 токтому (26.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1508

---

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 271 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
