# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-январындагы № 30 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-январындагы № 30 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2019
- Редакциянын күнү: 01.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-150>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/150>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-январындагы № 30 токтому (01.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-150

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жободо:

- 106-пунктунун «ч» пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 19-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
