Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 1 февралындагы № 45 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Патент мыйзамы” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жободо:
II бөлүмдө:. - мамлекеттик тилдеги тексттин 30-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “
31
Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин жана Кыргыз Республикасына карата Евразия патентин колдонуунун ар бир жылына күчүндө сактоо: үчүнчү жылга төртүнчү жылга бешинчи жылга алтынчы жылга жетинчи жылга сегизинчи жылга тогузунчу жылга онунчу жылга он биринчи жылга он экинчи жылга он үчүнчү жылга он төртүнчү жылга он бешинчи жылга он алтынчы жылга он жетинчи жылга он сегизинчи жылга он тогузунчу жылга жыйырманчы жылга
120
150
180
200
240
300
360
360
480
480
720
720
720
840
840
840
960
960
”; - расмий тилдеги тексттин 31-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 31-2-пункт менен толукталсын: “
31-2
Өтүнмө ээсинин жоопкерчилигине берилген Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин колдонуунун ар бир жылына күчүндө сактоо: үчүнчү жылга төртүнчү жылга бешинчи жылга алтынчы жылга жетинчи жылга сегизинчи жылга тогузунчу жылга онунчу жылга он биринчи жылга он экинчи жылга он үчүнчү жылга он төртүнчү жылга он бешинчи жылга он алтынчы жылга он жетинчи жылга он сегизинчи жылга он тогузунчу жылга жыйырманчы жылга
60
75
90
100
120
150
180
180
240
240
360
360
360
420
420
420
480
480
”.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунун жоболору Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин жана Евразия патентин күчүндө сактоого байланыштуу, ошондой эле өтүнмө ээсинин жоопкерчилигине берилген Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин күчүндө сактоого байланыштуу 2015-жылдын 5-октябрынан тартып пайда болгон мамилелерге жайылтылат.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 12 июня 1998 года №346 "Об утверждении Положения о пошлинах за патентование изобретений, полезных моделей, промышленных образцов, регистрацию…Постановление · 12.06.1998 · № 346 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Патент мыйзамыЗакон · 14.01.1998 · № 8 · Күчүн жоготкон