Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 10 февралындагы № 55 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 630 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун кызматкерлеринин эмгек акы шарттарын тартипке келтирүү жана материалдык жактан колдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 630 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктунун экинчи абзацындагы “кызматтык маянанын 30 пайызы” деген цифралар жана сөздөр “кызматтык маянанын 30 пайызга чейин” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй редакциядагы 22- пункт менен толукталсын:
“22. Иштин жыйынтыгы, сапаты жана демилге көтөргөнү үчүн кошумча акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ведомстволук ченемдик актысында каралган тартипте аныкталары белгиленсин.”;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде: 5-пункту “лаборатория” деген сөздөн кийин “, сектор” деген сөз менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлерине эмгек акы…Постановление · 10.11.2014 · № 630 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон