# КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 18 февралындагы № 76 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 18 февралындагы № 76 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2016
- Редакциянын күнү: 18.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1418>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1418>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 18 февралындагы № 76 токтому (18.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1418

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

“Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесиндеги эскертүүнүн тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жөнүндө жободо:

- 1-пункту “боюнча” деген сөздөн кийин “ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды” деген сөздөр менен толукталсын;

- 7-пунктунда: 1-пунктчасынын он төртүнчү абзацындагы “асыл тукум” деген сөз алып салынсын;

4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“- ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиштүү товарларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана (же) сактоону ишке ашырган уюмдардын жана адамдардын реестрин жүргүзүү.”;

- 10- пунктунда:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “10. Мамлекеттик инспекцияны бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору болуп саналган директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат орунга дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.”;

- экинчи абзацындагы “администрациялык” деген сөздөн кийин “мамлекеттик” деген сөз менен толукталсын;

- үчүнчү жана төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Директордун орун басарлары - Маминспекциянын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат орунга дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директордун орун басарынын бири - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы фитосанитардык инспектору болуп саналат.”.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
