Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 19 февралындагы № 79 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-майындагы № 249 “Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мамлекеттик табигый жаратылыш паркын жана Нарын областынын Нарын районунда Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-майындагы № 249 “Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мамлекеттик табигый жаратылыш паркын жана Нарын областынын Нарын районунда Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун 2-абзацындагы “24468” деген цифралар “24393” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
- жерди эсепке алуу документтерине жана Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркынын жерлерин пайдалануу укугуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- республикалык маанидеги археологиялык эстеликтерди коргоо зонасын аныктоо менен Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркынын жаңы чектерин сүрөттөсүн жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 25 мая 2001 года №249 "Об организации государственного природного Национального парка Саймалуу-Таш в Тогуз-Тороуском районе Джалал-Абадской…Постановление · 25.05.2001 · № 249
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон