# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 36 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 36 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2019
- Редакциянын күнү: 11.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-141>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/141>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 36 токтому (11.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-141

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын туристтик тармагын активдүү илгерилетүү жана өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа), 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.

2. Министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.

3.-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 192 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасы жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4.-Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
