Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук карамагындагы мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуугун жогорулатуу жана талаптагыдай контролдоо менен координациялоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук карамагындагы мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана талаптагыдай контролдоо менен координациялоону камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 524 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин мамлекеттик ишканаларын кайра ѳзгѳртүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин мамлекеттик мекемелерге кайра өзгөртүлүп түзүлүүчү бассейндик жана райондук суу чарба башкармалыктарынын, суу сактагычтарынын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 27-29-пункттар менен толукталсын:
“
№
Уюмдардын аталышы
Уюштуруу-укуктук формасы
ОКПО коду
Кайра уюштуруудан кийинки уюмдардын аталышы
27
“Ысык-Көл бассейндик суу чарба башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы
Мамлекеттик ишкана
20205017
“Ысык-Көл бассейндик суу чарба башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси
28
“Ноокен райондук суу чарба башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы
Мамлекеттик ишкана
01051896
“Ноокен райондук суу чарба башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси
29
“Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы
Мамлекеттик ишкана
22016332
“Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси
”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №140 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкаруу схемасындагы “Суу сактагычтарды башкаруу” позициясында “3” деген цифра “4” деген цифра менен алмаштырылсын;
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин…Постановление · 24.08.2017 · № 524
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 140 · Күчүн жоготкон