# КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 2 мартындагы № 98 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 2 мартындагы № 98 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2016
- Редакциянын күнү: 02.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1372>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1372>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 2 мартындагы № 98 токтому (02.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1372

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Айрым объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьекттери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:

- “В” категориясы (олуттуу объектилер)” бөлүмүнүн “Жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер” графасы төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:

“14. “Ысык-Көл кемечилиги” ӨБ МИ”;

- “В” категориясы (олуттуу объектилер)” бөлүмүнүн “Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер” графасы төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

“11. Мунайды кайра иштетүүчү заводдор.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
