# КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 3 мартындагы № 106 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 3 мартындагы № 106 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2016
- Редакциянын күнү: 03.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1359>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1359>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 3 мартындагы № 106 токтому (03.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1359

---

Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууга тартуунун тартибин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууга тартуунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-майындагы № 293 “Кыргыз Республикасынын граждандарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоого тартуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 7-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 40 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 7-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 6-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 5 - пункту.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
