# КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 10 мартындагы № 116 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 10 мартындагы № 116 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2016
- Редакциянын күнү: 10.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1353>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1353>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1353.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 10 мартындагы № 116 токтому (10.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1353

---

2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди ѳнүктүрүүконцепциясын бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасында жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү жана финансылык борбордон ажыратуу реформаларын ишке ашыруу, мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 10-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: - 2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди ѳнүктүрүү концепциясы 1-тиркемеге ылайык;

- 2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди ѳнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.

2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга катышкан министрликтер жана администрациялык ведомстволор, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыздоо боюнча толук чараларды көрсүн; - жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-январына чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мониторинг жүргүзсүн жана жыл сайын, 5-февралга чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
