КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын мартындагы № 115 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги №175 “Табигый монополиялар субъекттерининтоварларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Ыңгайлуу инвестициялык чөйрөнү түзүү максатында “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги №175 “Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелери төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарууда иштеген табигый монополиялардын субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуусуна байланыштуу мамилелерге карата колдонулбайт.”.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана башка кызыкдар уюмдар менен биргеликте эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 токтому менен бекитилген Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүсү жагынан талдоо жүргүзсүн; - жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 "Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу…Постановление · 05.04.2013 · № 175
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү…Закон · 30.06.2022 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон