КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 28 мартындагы № 157 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарба объектилерин тандоо критерийлерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагындагы суу чарба объектилерин системалуу түрдө куруу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарба объектилерин тандоо критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы № 652 “Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы “ж” пунктчасы менен толукталсын:
“ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн тандоо критерийлерине ылайык келген суу чарба курулуш объектилери.”.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркеме
Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердинжана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарбаобъектилерин тандоо критерийлери
№
Критерийлердин баяндалышы
Баллы
I
Актоо мөөнөтү
5 жылга чейин
25
5-8 жыл
15
9-10 жыл
10
11-12 жыл
3
II
1 га карата салыштырмалуу чыгымдар:
150-200 миң сом
25
201-350 миң сом
15
351-500 миң сом
10
501-650 миң сом
5
III
Чек арага жакындыгы (чек арага жакын аймактарды бекемдөө)
20
IV
1 кишиге болгон сугат жер үлүштөрү:
10 сотукка чейин
25
11-25 сотук
15
26-50 сотук
5
V
Жаңы сугат тармактарын күтүүгө чыгымдар (сом/га):
500 сомго чейин
20
501-800 сом
10
801 сомдон жогору
5
VI
Жаңы сугат жерлеринин саны:
1000 га жогору
10
100 дөн 1000 га чейин
5
VII
Сугат тармактарынын техникалык мүнөздөмөсүн жакшыртуу, жердин суу менен камсыз болуусун жогорулатуу:
3-4 миң га
15
2-3 миң га
10
1 миң га чейин
5
VIII
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен мурда бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу (10 % - 90 % даярдыкта). Өтмө, бүткөрүлбөгөн курулуш объектилери
Даярдык пайызы:
90 % дан жогору
20
71 % дан 90 % га чейин
17
51 % дан 70 % га чейин
14
31 % дан 50 % га чейин
11
21 % дан 30 % га чейин
8
Өздөштүрүүсү 20% дан төмөн болгон объектилер:
5
IX
Суу чарба объектисин тизмеге киргизүү үчүн долбоор алдындагы баалоо боюнча болжолдонгон кубаттуулуктарды өздөштүрүү үчүн зарыл болгон пайдаланылбаган суу жана жер ресурстары болууга тийиш.
Тизмеге кирүүнүн критерийин аныктоо боюнча эсептөө формуласы:
∑ = I+II+ III+IV+V+VI+VII+VIII
∑ ≥ N балл алган объектилер, кезектүүлүк тартиби менен курулуш тизмесине киришет
Орточо чектик сумманы аныктоонун формуласы (N) N=S/K, мында S - киргизилген объектилердин алган баллынын жалпы суммасы; К - катталган объектилердин жалпы саны
Эскертүү: Курулуштун наркы менен байланышкан көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги иштеп чыгуучу баалардын өзгөрүү индексин эске алуу менен оңдолуп турат.
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы №652 " Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык…Постановление · 11.09.2006 · № 652 · Күчүн жоготкон