КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 “Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө, тандоо жана жогорку окуу жайларына кабыл алуу жол-жобосун өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 “Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталган токтом менен бекитилген Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жободо:
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“26. Абитуриент ушул Жобонун 30-пунктунда каралган шарттардан башка учурда, ушул жылдын тестирлөөсүнө бир гана жолу катышууга укугу бар. Кандайдыр бир себептер менен тестирлөөгө катышпай калган абитуриенттер КТК тарабынан министрлик менен бирдикте аныкталган кошумча мөөнөттө тестирлөөдөн өтүүгө укугу бар.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 271-пункт менен толукталсын:
“271. Ушул жылы тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кыйла жогорку балл алган 50 абитуриентке КТК тарабынан артыкчылыктуу сертификат берилет. Артыкчылыктуу сертификат алгандар абитуренттердин негизги тесттин жыйынтыгы боюнча алган баллдарынын кемүү тартибинде түзүлгөн рейтингдик тизмесинин негизинде аныкталат. Артыкчылыктуу сертификат алууга бирдей балл алган бир нече абитуриент талапкер болгон учурда артыкчылыктуу сертификат алуучулардын саны 65 тен ашык эмес санга чейин көбөйтүлөт.”;
2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө жободо:
- 11-пунктунда:
үчүнчү абзацы “жалпы республикалык тестирлөөгө катышса” деген сөздөрдөн кийин “жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышса” деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзацы “жалпы республикалык тестирлөөгө катышса” деген сөздөрдөн кийин “жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышса” деген сөздөр менен толукталсын;
бешинчи абзацы “жалпы республикалык тестирлөөгө катышса” деген сөздөрдөн кийин “жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышса” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“- ушул жылдын “XXI кылымдын интеллектуалдары” республикалык конкурсунун 1-орунду ээлеген жеңүүчүлөрү, 2 жана 3-орунду ээлеген байге ээлери болгон абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө катышып жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышкан шартта, абитуренттин тандоосу боюнча конкурстун номинациясы туура келген техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук…Постановление · 02.06.2006 · № 404 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон