# КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 8 апрелиндеги № 184 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 8 апрелиндеги № 184 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2016
- Редакциянын күнү: 18.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1264>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1264>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 8 апрелиндеги № 184 токтому (18.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1264

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинин 5-пункту “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик,” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 127 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:

- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “орун басары” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “орун басарлары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “15. Директордун орун басарлары директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.”.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
