# КР Өкмөтүнүн 2016- жылдын 11 апрелиндеги № 187 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016- жылдын 11 апрелиндеги № 187 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 187
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2016
- Редакциянын күнү: 12.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1247>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1247>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016- жылдын 11 апрелиндеги № 187 токтому (12.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1247

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүү максатында, “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун 5-пунктчасынын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“- жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин алуу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу жана жүргүзүү жана Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу.”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 72 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
