КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 154 “Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 154 “Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) расмий тилдеги текстинин аталышындагы жана 1-пунктунун экинчи абзацындагы “использования” деген сөз “пользования” деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелеринде:
- расмий тилдеги текстинин аталышындагы жана 1, 5–7-главалардын аталышындагы “использования” деген сөз “пользования” деген сөз менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстинин 1, 4, 6, 12, 18, 23, 25–29-пункттарындагы “использования” деген сөз “пользования” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 30 жана 31-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“30. Оң чечимдин негизинде белгиленген алымды төлөгөн шартта, “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргызпатент салттуу билимди жана/же салттуу билимди пайдаланууга укук берүү жөнүндө маалыматтарды Мамреестрде каттоодон өткөрөт.
31. Салттуу билим катталган жана/же салттуу билимди пайдаланууга укук берилген өтүнмө ээлерине белгиленген тартипте салттуу билимди пайдаланууга укук берүү күбөлүгү берилет.”;
- расмий тилдеги текстинин 32-пунктундагы “использования” деген сөз “пользования” деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Эрежелердин 1-тиркемесинде:
расмий тилдеги текстинин аталышындагы жана 2, 3-саптарындагы “использования” деген сөз “пользования” деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Эрежелердин 2-тиркемесинде:
расмий тилдеги текстинин аталышындагы жана 2, 3-саптарындагы “использования” деген сөз “пользования” деген сөз менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибинде:
- 3-пунктунун 4-пунктчасынын тогузунчу абзацындагы “(Салттуу билимдерди пайдалануу системасын өнүктүрүү мамлекеттик фонду)” деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №154 "Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө…Постановление · 29.02.2012 · № 154
- Салттуу билимдерди коргоо жөнүндөЗакон · 31.07.2007 · № 116
- Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу…Закон · 26.05.2018 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон