# КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 20 апрелиндеги № 212 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 20 апрелиндеги № 212 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2016
- Редакциянын күнү: 20.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1223>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1223>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1223.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 20 апрелиндеги № 212 токтому (20.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1223

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 53 “2016-жылдагы демалыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

2016-жылы дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында,“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 53 “2016-жылдагы демалыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 3, 4-майдагы жумуш күндөрү тиешелүү түрдө30-апрелге жана 7-майга которулсун.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
