# КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 25 апрелиндеги № 214 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 25 апрелиндеги № 214 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2016
- Редакциянын күнү: 26.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1220>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1220>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 25 апрелиндеги № 214 токтому (26.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1220

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Айыл чарба багытындагы жерлер, калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн жер салыгынын суммасын эсептөө тартибин регламенттештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2016-жылга инфляциянын коэффициенти 1,034 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 189 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
