# КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 11 апрелиндеги № 206 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 11 апрелиндеги № 206 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2020
- Редакциянын күнү: 15.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1206>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1206>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 11 апрелиндеги № 206 токтому (15.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1206

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелерине ылайык пайдадан салыкты жана кошумча наркка салыкты төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;

- турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
